Жаш киночулардын "Үмүтү" октябрь айында жанат

© Sputnik / Артем Житенев / Медиабанкка өтүүКинполенка. Архив
Кинполенка. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Департамент ушу тапта иш-чарага Тажикстан менен Азербайжандан келүүнү каалагандар көп экенин белгиледи.

БИШКЕК, 1-июл. — Sputnik. Жаш кинематографисттердин IV эл аралык "Үмүт" форуму үстүбүздөгү жылдын 28-31-октбярь күндөрү өтө турганын Кинематография департаменти билдирди.

Маалыматка ылайык, учурда иш-чараны өткөрүү үчүн даярдыктар көрүлүп жатат. 

"Быйыл форум башка форматта, КМШ өлкөлөрүнүн жаш кинематографисттеринин катышуусу менен өтмөй болду. Учурда форумда көрсөтүлүүчү тасмалар Кыргызстан боюнча, андан тышкары коңшу өлкөлөрдөн да тандалып жатат", — деп айтылат билдирүүдө.

Департамент ушу тапта иш-чарага Тажикстан менен Азербайжандан келүүнү каалагандар көп экенин белгиледи. Ал эми Азыркы учурда Россия менен Белоруссиядан форумга катышуучу тасмалар жиберилсе, Армения менен Казакстан да өз фильмдерин сунушташкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0