Шырдак фестивалынын мөөнөтү июль айына жылды

© Sputnik / Табылды КадырбековШырдакта уктап жаткан бала. Архив
Шырдакта уктап жаткан бала. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Иш-чара буга чейин 28-29-июнга пландаштырылган.

БИШКЕК, 30-июн. — Sputnik. Нарындын Ат-Башы районунда өтө турган VI эл аралык шырдак фестивалын өткөрүү мөөнөтү июль айына жылганын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги билдирди.

Эскерте кетсек, иш-чара 28-29-июнга пландаштырылган. Маалымат боюнча учурда фестивалды кийинки айдын жарымына чейинки убакытта өткөрүү маселеси каралып жатат.

Талды-Суу айыл аймагында өтө турган иш-чара жети дубандын уздарынын башын бириктирип, мыктыларды белгилүү кол өнөрчүлөрдөн турган калыстар тобу аныктамакчы.

Жаңылыктар түрмөгү
0