Кыргызстанда "Эртең Кадыр түн тособуз" атуу баян-концерт өтөт

Жазылуу
Иш-чарада аалымдар баян курса, төкмө акындар өнөр тартуулашат.

БИШКЕК, 27-июн. — Sputnik. Кыргызстанда алгачкы ирет өнөр чеберлери менен дин ишмерлери биргеликте "Эртең Кадыр түн тособуз" атуу баян-концерт өткөргөнү турушат. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине уюштуруучулардын бири куудул Жамбыл Камчиев билдирди.

Маалыматка ылайык, иш-чарага аалымдар кеңешинин төрагасы Абдышүкүр Нарматов, муфтийдин орун басары Акимжан Эргешов, төкмө акындар Аалы Туткучев, Жеңишбек Жумакыдырлар катышат. 

Баян-концерт 29-июнь күнү саат 15:30да Спорт ордосунда болот. 

Жаңылыктар түрмөгү
0