Ат-Башы жети дубандын кол өнөрчүлөрүн "Кыргыз шырдагы" фестивалына чакырат

© AFP / VYACHESLAV OSELEDKO Шырдакта отурган кыз. Архив
Шырдакта отурган кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Иш-чара 28-июнда Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин колдоосу менен өтөт.

БИШКЕК, 23-июн. — Sputnik. Нарын облусунун Ат-Башы районунда "Кыргыз шырдагы" аттуу фестиваль өтө турганын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги билдирди.

Аталган мекеменин Маданий мурастарды сактоо жана өнүктүрүү башкармалыгынын башкы адиси Назгүл Мекешованын айтымында, иш-чара министрликтин колдоосу менен өтмөкчү.

"Тарых жана маданият жылына арналган фестиваль министрликтин колдоосу менен өтөт. Буга байланыштуу министр Алтынбек Максутов байге фондусу үчүн 200 миң сом, ал эми уюштуруу иштерине 150 миң сом бөлүп берди", — деди ал.

Жети дубандын кол өнөрчүлөрүн, уздарын бириктирген сынак 28-июнь күнү Ат-Башынын Талды-Суу айылында өтөт. Ага белгилүү уз Динара Чочунбаева баштаган кол өнөрчүлөрдөн тобу калыстык кылат.

Жаңылыктар түрмөгү
0