Тайлак баатырдын 220 жылдык мааракеси Соң-Көл жайлоосунда өтөт

© Фото / Госдирекция по подготовке и проведению года истории и культурыТайлак Рыскул уулунун Ак-Талаа районундагы күмбөзү. Архив
Тайлак Рыскул уулунун Ак-Талаа районундагы күмбөзү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тайлак Рыскул уулу азыркы Ак-Талаа жана Тогуз-Торо райондорунун чегинде, Куртка деп аталган аймакта туулуп-жашап өткөн кыргыз элинин баатырларынын бири.

БИШКЕК, 21-июн— Sputnik. Тарых жана маданият жылында өтүүчү чоң иш-чаралардын бири Тайлак баатырдын 220 жылдыгы 30-июль күнү Соң-Көл жайлоосунда өтөт. Бул туурасында Тарых жана маданият жылын даярдоо жана өткөрүү боюнча Мамлекеттик дирекциянын маалымат кызматынан кабарлашты.

Мамлекеттик дирекция Тайлак баатырдын 220 жылдык мааракесине карата театрлаштырылган иш-чарага даярданып, ага КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер, режиссер Эгемберди Чалабаев режиссерлук кылууда. 

Тайлак баатырдын айкели. Архив - Sputnik Кыргызстан
Тайлак баатыр туурасында жети факты. 42 жаш. Жүлүндү сыздаткан өлүм
Учурда Тайлак баатырдын күмбөзүн реконструкциялоо, мемориалдык такта орнотууга даярдыктар жүрүүдө. Аймактагы Актал-Чат бурулушунан Тайлак баатырдын күмбөзүнө чейинки 3,8 чакырым автожолу ремонттолот. 

Тайлак Рыскул уулу азыркы Ак-Талаа жана Тогуз-Торо райондорунун чегинде, Куртка деп аталган аймакта туулуп-жашап өткөн кыргыз элинин баатырларынын бири. Аны болжол менен 1796-жылдары жарыкка келип,1838-жылдары каза болгон деп айтып келишет. XIX кылымдын биринчи жарымындагы кыргыз элинин көз карандысыздык үчүн болгон кыймылынын ири ѳкүлү.

Буга чейин Тайлак баатырдын 220 жылдыгы Баетов айылындагы "Бермет-Жал" ат майданында өтөрү туурасында маалымдалган.

Жаңылыктар түрмөгү
0