Эзелкинин жомогу… Шаардык кыз "Манас" айтып жайлоого баратат

Жазылуу
Шаарда өсүп чоңойгон 16 жаштагы Бактыгүл Ракымбаева үч жашынан тарта "Манас" айтып баштаганын Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына билдирди.

Ал "Көчмөн" коомдук фондусунун "Мурас" долбоорунун алкагында уюштурган салттуу билимди алып жүрүүчүлөрдү кыдыруу туру менен 10 күн бою кыргыз каада-салттарын үйрөнүп, айыл турмушунда жашап көрүүнү чечкенин кошумчалады. 

"Темир-Канат" жайлоосуна бара жатып "Манас" айткан элем. Жойлоодогу боз үйдө төрт күн жашап кыргыздардын каада салттарын үйрөнүүгө шарт түзүлдү. Айылдын жашоосу мага абдан жакты", — деп билдирди Ракымбаева.

Бактыгүл айылдын абасына моокуму канганын, учурда шаарга келип көнө албай жатканын кошумчалады. 

Жаңылыктар түрмөгү
0