Ошто өтө турган "Манас айтуу" күз айларына жылды

© Sputnik / Табылды Кадырбеков"Манас" айтып жаткан манасчы. Архив
Манас айтып жаткан манасчы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Иш-чара жыл сайын Бишкек шаарында өтүп келген. Былтыркысында эстафета Ош облусуна берилип, аны апрель-май айларында өткөрүү пландаштырылган.

БИШКЕК, 20-июн. — Sputnik. Ош облусунда өтө турган жети күндүк "Манас айтуу" иш-чарасы күз айларына жылды. Бул тууралуу "Саякбай манасчы" коомдук фондусунун мүчөсү, манасчы Улан Исмаилов билдирди.

Улан манасчы: Манасты кантип, кайдан алып айтып жатканымды түшүнбөйм
Эскерте кетсек, жыл сайын өтүп келген Манас айтуу былтыр ноябрь айында Бишкектеги этнокомплекстердин биринде өтүп, соңку күнү иш-чараны өткөрүү кезеги Ош облусуна расмий тапшырылган.

Исмаиловдун айтымында, Ош облустук администрациядан фондунун атына кат жолдонуп, аталган иш-чараны күз мезгилине жылдыруу өтүнүчү айтылган.

Уюштуруучулар бул жылы атайын программа түзүп, катыша турган манасчылардын санына жараша үчилтиктин окуяларын бөлүүнү чечишкен. Адаттагыдай эле мында манасчыларга убакыт боюнча чек коюлбайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0