"Акынзат" 9-июнда поэзия сүйүүчүлөрдү чакырат

© Sputnik / Михаил Маркив / Медиабанкка өтүүБлокнотко жазып жаткан адам. Архив
Блокнотко жазып жаткан адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Поэтикалык бул кечелеринин сериясы Тарых жана маданият жылынын алкагында өтүп жатат.

БИШКЕК, 5-июн. — Sputnik. Жаш акындар Алтынбек Исмаилов, Сайра Батыркулова, Эрлан Жумагазиев, Кыял Тажиева, Зайырбек Ажыматов жана Афина Бакированын чыгармачылыгына арналган атайын кече өтөт. Бул туурасында "Роза Отунбаеванын демилгеси" эл аралык коомдук фондусунан кабарлашты.

Поэзия майрамы 9-июнда Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармонияда болот. Аталган фондудан поэтикалык кечелеринин сериясы Тарых жана маданият жылынын алкагында өтүп жаткандыгын, бул кезектеги иш-чара экенин айтышты.

"Кечеде акындар атуулдук, лирикалык темадагы ырларынан көркөм окуп беришет. Аны акын Мирлан Самыйкожо алып барат", — деп айтылат билдирүүдө.

Аталган фонду буга чейин мектепке чейинки билим берүү жана чет жактагы кыргыздардын башын бириктирүү боюнча да бир катар долбоорлорду ишке ашырып келет.

Жаңылыктар түрмөгү
0