Кыргыз айылы. Шаардыктарга улуттук маданият тартууланат

Жазылуу
"Кыргыз айылы" аталышындагы иш-чара 5-июнь күнү Жеңиш паркында өтөт.

БИШКЕК, 3-июн. — Sputnik. Бишкек шаарынын тургундарына кыргыз элинин маданияты менен жакындан таанышууга мыкты мүмкүнчүлүк түзүлөт. Бул тууралуу Мамлекеттик жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттиги билдирди.

Ысык-Көлдүк чабан дүйнө эли үчүн этнокомплекс курду - Sputnik Кыргызстан
Ысык-Көлдүк чабан дүйнө эли үчүн этнокомплекс курду
"Кыргыз айылы" аталышындагы иш-чара 5-июнь күнү Жеңиш паркында саат 10:00дөн 18:00гө чейин өтөт. 

Бишкек шаарынын тургундары жана коноктору боз үйдүн куралышына, улуттук оюндарга күбө болуп, кыргыз тамак-ашынан даам сыза алышат. 

Мамлекеттик жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттиги аталган иш-чараны Бишкек мэриясы жана "Ак шумкар кут" коомдук бирикмеси менен биргеликте өткөрүүдө. 

Уюштуруучулар саамалык "Тарых жана маданият" жылына карата уюштурулуп жатканын кошумчалады.

Боз үй — кыргыздардын уникалдуу турак-жайы жөнүндө Sputnik инфографикасынан көрө аласыздар>> 

Жаңылыктар түрмөгү
0