Лейлектин жайлоосунда өткөн айтышты Аалы Туткучев жеңип алды

© Фото / предоставлено Аалы ТуткучевымАкын Аалы Туткучев. Архив
Акын Аалы Туткучев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Иш-чара 28-майда өткөн. Ага жыйырмадай акын катышып, байге фондусу бир миллион сомду түзгөн.

БИШКЕК, 31-май — Sputnik. Баткендин Лейлек районунда өткөн айтышта акын Аалы Туткучев бай байгени багындырса, Жеңишбек Жумкадыр 1-орунга, Азамат Болгонбаев 2-орунга жана Амантай Кутманалиев 3-орунга ээ болушту. Бул тууралуу "Айтыш" коомунун төрагасы Азамат Болгонбаев билдирди.

Анын айтымында иш-чара Тарых жана маданият жылына арналып, Баткен облусу менен Лейлек районун даңазалоого багытталган.

"Акындардын беттеши "Төө-Жайлоо" деген жайлоодо ачык асман алдында өттү. Айтышка 20дай акын катышып, беш миңге чукул адам чогулду. Элге ыраазы болдук, жаан төккөнүнө карабай бири да кыймылдабастан бизди колдоп, сүрөп турушту", — деди Болгонбаев.

Иш-чараны КСДП партиясынын Баткендеги өкүлчүлүгү демилгелеп, "Айтыш" коому, Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин колдоосу менен өттү. 

"Жалпы байге фонду бир миллион сомду түздү. Баш байге үчүн 300 миң сом, 1-орунга 150 миң сом, 2-орунга 100 миң сом, 3-орунга 70 миң сом каралды. Мындан тышкары, айтышка катышкан акындардын баарына акчалай сыйлыктар ыйгарылды", — деди Болгонбаев.

Ал акындардын айтышын баалаган калыстар тобуна Кыргыз Эл акыны Анатай Өмүрканов төрагалык кылганын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0