Кувейттин маданият күндөрү көргөзмө менен башталат

© Sputnik / Табылды КадырбековГапар Айтиев атындагы кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейи. Архив
Гапар Айтиев атындагы кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейи. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Шаар тургундары бир нече күн бою кувейт элинин тарыхы, маданияты, салт-санаасы менен жакындан таанышуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат.

БИШКЕК, 31-май — Sputnik. Кыргызстанда бүгүн Кувейттин маданият күндөрү башталды. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлиги билдирди.

Кыргызстандын Кувейттеги толук жана ыйгарым укуктуу элчиси Жусупбек Шарипов өлкөнүн спорт боюнча мамлекеттик агенттигинин директору Ахмад Абдульраззак Аль-Кхазал менен жолугуу учурунда - Sputnik Кыргызстан
Көчмөндөр оюндарына Кувейт мамлекети чакырылды
Иш-чара саат 12.00дө Гапар Айтиев атындагы кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейинде тартуулана турган көргөзмө менен башталат. Анда аталган өлкөнүн кол өнөрчүлөрүнүн эмгектери, улуттук кийимдер жана улуттук ашканасы көрсөтүлөт.

Ал эми кечки саат 18.30да Токтогул Сатылганов атындагы филармонияда маданият күндөрүнүн салтанаттуу ачылышы болуп, музыкалык ансамблдин ири программадагы концерти сунушталат. 

Кыргызстандагы Кувейт мамлекетинин маданият күндөрү 3-июнга чейин уланат.

Жаңылыктар түрмөгү
0