"Жердеги жашоо үчүн" экинчи өмүргө ээ болот

Жазылуу
Бул китептин бет ачары Советтер Союзунун Баатыры генерал-майор Дайыр Асановдун 30-майдагы туулган күнүнө карата уюштурулуп жатат.

БИШКЕК, 28-май — Sputnik. Дайыр Асанов атындагы Кыргыз улуттук аскер лицейинде Эрнис Турсуновдун котормосундагы "Жердеги жашоо үчүн" деп аталган китебинин бет ачары бүгүн өтөт. Бул туурасында "Умай Эне-Кут Ордо" коомдук фондусунун төрайымы Салима Жороева билдирди. 

Китептин бет ачары Советтер Союзунун Баатыры генерал-майор Дайыр Асановдун 30-майдагы туулган күнүнө карата уюштурулуп жатат. 

Китеп Дайыр Асановдун 1941-1945-жылдары Улуу Ата мекендик согуш туурасында орус тилинде жазылган мемуарынын кыргыз тилиндеги варианты болуп саналат. 

Жаңылыктар түрмөгү
0