Кыргызстанда Чүй облусунун 90 жылдыгы белгиленип жатат

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстандын улуттук желеги. Архив
Кыргызстандын улуттук желеги. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Советтик Кыргызстандын картасында Чүй облусу 1926-жылы пайда болуп, ал кезде кантон деп аталчу. Бул көз мелжиген, береке-байлыкка мол өрөөн өлкөнүн өнүгүшүнүн көчүн баштап келатат.

БИШКЕК, 27-май — Sputnik. Бүгүн, 27-май күнү Сокулук районунун Күн-Туу айылында Чүй облусунун 90 жылдык мааракеси белгиленип жатат. 

Бишкекте Кыргыз радиосунун 85 жылдыгына карата форум өтүүдө
Ага президент аппаратынын жетекчиси Фарид Ниязов катышып, өлкө башчы Алмазбек Атамбаевдин куттуктоосун жолдоду. Президент Чүй өрөөнү бүгүн – экономикалык кубаты жагынан өлкөдөгү алдыңкы регион. Тоо-кен, курулуш тармагында, айыл чарба продукцияларын өндүрүүдө эң алдыңкы орунда турарын белгилеген.

Мындан тышкары, Чүй элин премьер-министр Сооронбай Жээнбеков да куттуктап, Чүй облусу — Кыргызстандын өнөр жайынын, айыл чарбасынын калыптанышында өзгөчө роль ойногон аймак экенин айтты. 

Советтик Кыргызстандын картасында Чүй облусу 1926-жылы пайда болуп, ал кезде кантон деп аталчу. Бул көз мелжиген, береке-байлыкка мол өрөөн өлкөнүн өнүгүшүнүн көчүн баштап келатат. Облуста алгачкы тегирмендер, жыгач иштеткен, май чыгарган, сыра бышырган ишканалар пайда болгон. Анын артынан фабрикалар, чакан гидростанциялар, кийинчерээк кант заводу жана башка ишканалар курулган.

Жаңылыктар түрмөгү
0