Атай менен "Тумар КР" тобу он-лайн добуш берүүдө алдыда бара жатат

Жазылуу
Кыргызстандык бийчилердин Британияда өтүп жаткан таланттар сынагынын суперфиналына чыгуу мүмкүнчүлүгү бар.

БИШКЕК, 27-май — Sputnik. Бийчи Атай Өмүрзаков менен анын "Тумар КР" тобунун "Britain`s Got Talent — 2016" сынагынын суперфиналына чыгууга бардык мүмкүнчүлүктөрү бар. Бул тууралуу сынакты көрсөткөн ITV телеканалынын сайтына жарыяланды.

Бийчилер Британия телешоусунун жарым финалында үчүнчү орунду ээлешкен. Бирок бардык өткөрүлгөн сынактардын жыйынтыгы менен үчүнчү орунду алган катышуучулар он-лайн добуш берүү аркылуу финалга чыгууга шарт түзүлгөн. 

Instagram сайтынын atai_tumar.kr_adem аттуу колдонуучунун бетинен тартылган кадр. Атай Омурзаков. Архив - Sputnik Кыргызстан
Британиянын калыстары Атай Өмүрзаков менен "Тумар КР" тобуна тура калып кол чабышты
Он-лайн добуш берүүдө кыргызстандыктар алдыда келе жатат. Уюштуруучулар добуш берүүнү кечээ кечинде токтотушкан.

Атай Өмүрзаков жана анын тобунан сырткары финалга чыгуу үчүн ырчы Катлин Женкинс, бийге машыктырган Шеннон жана Питер, 14 жашар балерон Жек Хаггинс жана машыктыруучу-кинолог Люси өзүнүн Trip Hazard күчүгү менен ат салышууда. 

Суперфиналдын катышуучулары ишемби күнү жарыяланат. Ал эми сынактын өзү Лондондо Бишкек убактысы менен саат 00.30да башталат. 

Бул сезондун суперфиналынын жеңүүчүсү 250 миң фунт стерлингге ээ болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0