Көчмөндөр оюндарынын проморолигин Маданият министрлиги тартуулады

© Пресс-служба президента КРДүйнөлүк көчмөндөр оюндары. Архив
Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ысык-Көлдүн жээгинде боло турчу көчмөндөр оюндарына 40тан ашык мамлекеттен командалар катышат.

БИШКЕК, 24-май — Sputnik. Маданият, маалымат жана туризм министрлиги күзүндө боло турган Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары тууралуу промороликти көрсөттү.

Көчмөндөр оюндары 3-8-сентябрда Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында өтөт.

Салтанаттын ачылышына бир катар мамлекеттердин башчылары, белгилүү коомдук ишмерлер, маданият өкүлдөрү жана 40тан ашык мамлекеттен келген спортчулар катышат.

Ысык-Көлдөгү ат майдандын асмандан көрүнүшү. Курулуштун 70 пайызы аяктады
Мелдеште командалар этноспорттун 23 түрү боюнча күч сынашат. "Көчмөн дүйнөсү" фестивалы жана башка маданий иш-чаралар Кырчын жайлоосунда, Чолпон-Ата шаарындагы ат майданда жана "Рух Ордо" маданий борборунда өтөт.

Кырчын жайлоосунда 228 боз үйдөн турган уникалдуу этно-шаарча түзүлөт. Анын чок ортосуна Хан Ордо орнотулат.

Учурда ат оюндары боло турчу Чолпон-Ата шаарындагы ат майдан оңдолууда. Ал эл аралык стандарттарга туура келтирилет жана 10 миң отургуч орнотулат.

Жаңылыктар түрмөгү
0