"Музейдеги түн" акциясы Михаил Фрунзенин үй-музейинде өтөт

© Sputnik / Табылды КадырбековМихаил Фрунзенин мемориалдык музейи. Архив
Михаил Фрунзенин мемориалдык музейи. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Иш-чаранын максаты жарандар арасында мүзейлердин популярдуулугун арттырып, ага келүүчүлөрдүн санын көбөйтүү болуп саналат.

БИШКЕК, 18-май — Sputnik. Бүгүн,18-майда эл аралык музей күнүнө карата Бишкектеги Михаил Фрунзенин мемориалдык музейинде "Музейдеги түн" акциясы өтөт. Бул тууралуу туризм департаменти билдирди. 

Иш-чаранын максаты жарандар арасында музейлердин популярдуулугун арттырып, ага келүүчүлөрдүн санын көбөйтүү болуп саналат. 

Бишкек шаарындагы Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт музейинде Музейдеги түн акциясы - Sputnik Кыргызстан
Бишкектеги "Музейдеги түн" акциясы эки миң адамды чогултту
"Музейдеги түн" акциясынын алкагында атактуу ырчылардан концерттик программа тартууланып, белектер тапшырылат. Мындан сырткары, Фрунзенин эмгектери эскерилет. 

Акция саат 15:30да башталып, 22:00го чейин уланат. 

Буга чейин аталган акция 14-май күнү Гапар Айтиев атындагы мамлекеттик көркөм өнөр сүрөт музейинде өтүп, ага 2000ге чукул адам келген.

Эл аралык музей майрамы 1978-жылдан бери 18-май күнү белгиленип келет. Бул күнү дүйнө жүзүндөгү музейлер каалоочулар үчүн эшигин акысыз ачып, концерттик программалар тартууланат. 

Жаңылыктар түрмөгү
0