Бишкекте акын жана жазуучу Мукай Элебаев эскерилди

© Sputnik / Константин Чалабов / Медиабанкка өтүүКитепкканадагы ауди архив. Архив
Китепкканадагы ауди архив. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Иш-чарада Мукай Элебаевдин буга чейин жарыяланбаган лекциясы, чыгармалары сунушталды.

БИШКЕК, 17-май — Sputnik. Бишкек шаарында таланттуу акын, жазуучу Мукай Элебаевдин 110 жылдыгына арналган эскерүү иш-чарасы өттү. Бул тууралуу шаардык мэриянын маалымат кызматы билдирди. 

Кече бүгүн, 17-майда борбордук китепканада уюштурулуп, ага акындар Мукан Асаналиев, Төлөгөн Мамиев жана мектеп окуучулары менен студенттер катышты. 

Китеп. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазуучу Насирдин Байтемировдун 100 жылдыгына арналган көргөзмө ачылат
Эскерүү иш-чарасынын максаты окурмандардын кызыгуусун арттырууга жана жаштарды Мукай Элебаевдин чыгармачылыгы менен тааныштырууга багытталган. 

Китепканада жазуучунун чыгармалары көргөзмөгө коюлуп, буга чейин жарыяланбаган лекциялары сунушталды. Андан соң студенттер акындын ырларын көркөм окушту. 

Мукай Элебаев 1906-жылы Түп районуна караштуу Чоң-Таш айылында туулган. Ата-энесинен эрте айрылып жетим өскөн. 1916-жылы Үркүндө Кытайга качып, ал жактан көл өрөөнүнө жаңы бийлик орноду деп уккан эл менен кошо жөө-жалаңдап 1917-жылы мекенине кайтып келет. Ошол жылдардагы саясий өзгөрүүлөргө чейинки карапайым кыргыз элинин турмушун жазуучу автобиографиялык мазмундагы "Узак жол" аттуу романында баяндаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0