Фотодаректүү көчмө көргөзмө эми Кара-Балта менен Таласка сапар алат

© Sputnik / Владимир Астапкович / Медиабанкка өтүүСүрөт көргөзмөсү. Архив
Сүрөт көргөзмөсү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аталган көчмө көргөзмө буга чейин Нарын облусунун Кочкор, Ат-Башы, Нарын райондорун кыдырып келди.

БИШКЕК, 12-май — Sputnik. Тарых жана маданият жылынын алкагында Үркүн окуясынын 100 жылдыгына, Жусуп Баласагындын 1000 жылдык юбилейине арналган фотодаректүү көчмө көргөзмө жана китеп жармаңкеси эми Кара-Балта жана Таласта уланат. Бул туурасында Тарых жана маданият жылын даярдоо жана өткөрүү боюнча Мамлекеттик дирекциянын маалымат кызматынан билдиришти.

Көргөзмө Нарын облусунун райондорун кыдырып келди. Кочкор, Ат-Башы, Нарын райондорунда өткөн көргөзмөгө 500дөй адам катышып, тарыхый маалыматтарга бай фото документтер менен жакындан таанышууга мүмкүнчүлүк алган.

Көчмө көргөзмө менен Кара-Балта шаарынын жашоочулары 1-июнда, ал эми Талас шаары 2-июнда, Кара-Буура району 3-июнда тааныша алат.

Жаңылыктар түрмөгү
0