Кыргыздардын каада-салты тууралуу китеп жарык көрдү

© пресс-служба НАН КРКР Улуттук илимдер академиясынын Философия жана саясий-укуктук изилдөөлөр институту тарабынан "Кыргыздардын каада-салттарынын онтологиясы" аттуу китеби
КР Улуттук илимдер академиясынын Философия жана саясий-укуктук изилдөөлөр институту тарабынан Кыргыздардын каада-салттарынын онтологиясы аттуу китеби - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Китепте каада-салттардын социалдык жана маданий маңызына, анын коомдун рухий жашоо системасындагы жана экологиялык салттуулуктун ролуна көңүл бурулган.

БИШКЕК, 11-май — Sputnik. КР Улуттук илимдер академиясынын Философия жана саясий-укуктук изилдөөлөр институту тарабынан "Кыргыздардын каада-салттарынын онтологиясы" аттуу китеп жарык көрдү. Бул тууралуу академиянын маалымат кызматы билдирди.

Китеп Тарых жана маданият жылына арналган.

"Китепте кыргыз элинин каада-салттарынын табияты, салттуулуктун эволюциялык маңызынын тарыхый-философиясы, көп түрдүүлүгү, өзгөчөлүктөрү иликтенген. Ошону менен бирге каада-салттардын ырааттуулугу, анын улуттук маданиятка тийгизген таасири талдоого алынган", — деп айтылат билдирүүдө.

Авторлордун бирөө Осмон Тогусаков китепти жазуунун максаты — үрп-адат, каада-салттарды маданияттын контекстинде карап изилдөө болгонун айтат.

"Элибиз массалык маданиятты кабыл алып, өзүбүздүн ата-бабабыздан калган түгөнбөс мурас, көөнөрбөс үрп-адаттарыбыздын баарын көңүлдүн сыртында калтырып бара жатат. Биз маданиятыбызга тиешелүү болгон руханий баалуулуктардын баарын көтөрүп чыгышыбыз керек. Антпесек жаштарыбыздын көбү батыштын массалык маданиятына берилип кетти", — дейт ал.

Тогусаков ошондой эле кыргыздын тарыхын, маданиятын аздектеп, руханий дөөлөттөрдү сактап, кийинки муунга өткөрүп берүүгө азыркы муун милдеттүү экенин кошумчалады.

Китеп азырынча 200 нускада авторлордун өз каражатына басылып чыккан.

Жаңылыктар түрмөгү
0