Жийдеш Идирисова "Евровидение — 2016" сынагынын тандоо турунда калыстык кылды

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстандык ырчы Жийдеш Идирисова. Архив
Кыргызстандык ырчы Жийдеш Идирисова. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ырчы калыстык кылууга Turkvizyon сынагынын жеңүүчүсү катары тандалган. Ал өзү мыкты деп эсептеген 10 ырды тандап, уюштуруучуларга жиберди.

БИШКЕК, 7-май — Sputnik. Кыргызстандык ырчы Жийдеш Идирисова "Евровидение — 2016" сынагынын тандоо турунда калыстык кылды. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине ырчынын продюссери Андрей Доргай билдирди.

Анын айтымында уюштуруучулар Жийдеш Идирисовага кат жөнөтүшкөн.

"Бул жылы "Евровидение — 2016" конкурсуна катышпаган өлкөлөрдү сынактын тандоо турунда калыстык кылууга чакырышты. Ага ылайык, калыстык кылган ар бир мүчө 43 ырчынын арасынанан мыкты 10 ырчыны аныктоосу керек", — деп айтылат маалыматта.

Ырчы калыстык кылууга Türkvizyon сынагынын жеңүүчүсү катары тандалган. Ал өзү мыкты деп эсептеген 10 ырды тандап, уюштуруучуларга жиберди.

Идирисова Turkvizyon сынагын былтыр жеңип алган болчу.

Жаңылыктар түрмөгү
0