Чыгармачыл топ Ташкенттен олжолуу кайтты

© Sputnik / Табылды КадырбековУлуттук кийим кийген аялдар. Архив
Улуттук кийим кийген аялдар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандан барган фольклордук топту музыкант, жетигенчи Жусуп Айсаев жетектеп барып келген.

БИШКЕК, 7-май — Sputnik. Ташкентте чыгармачыл окуу жайларынын студенттери арасында өткөн эл аралык "Навруз садолари" деп аталган II фестивалда кыргызстындыктар байгелүү I орунга ээ болуп кайтты. Бул туурасында Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен кабарлашты.

Африкалык студент кара жоргонун сазайын берди
Ташкенттен олжолуу кайткандардын катарында Күрөңкеев атындагы кыргыз мамлекеттик музыкалык училищенин, Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук кансерваториянын жана Абдраев атындагы музыкалык мектеп-интернаттын тарбиялануучулары бар. 

Алар эл аспаптар оркестринин жана көп үндүү ансамблдер арасындагы конкурста артыкчылык көрсөтүшкөн.

Кыргызстандан барган фольклордук топту музыкант, жетигенчи Жусуп Айсаев жетектеп барып келген.

Жаңылыктар түрмөгү
0