"Ак Илбирс": улуттук кино өнөрүнө салым кошкон адам аныкталды

© Фото / пресс Ак ИлбирсАк Илбирс киносыйлыгы. Архив
Ак Илбирс киносыйлыгы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сыйлык тапшыруу аземи 15-майда борбор калаадагы "Манас" кинотеатрында өтөт.

БИШКЕК, 3-май — Sputnik. "Ак Илбирс" кино сыйлыгынын "Улуттук кинематографияга кошкон салымы үчүн" номинациясы быйыл эл артисти Нуртай Борбиевге берилет. Бул тууралуу улуттук кино сыйлыкты негиздөөчүлөрдүн бири, КР кинематографисттер союзунун төрагасы Таалайбек Кулмендеев билдирди.

Сыйлык тапшыруу аземи 15-майда борбор калаадагы "Манас" кинотеатрында өтөт.

Бийчи Жан Воинов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандык үч бийчи россиялык "Танцы" шоусунун кийинки туруна өттү
Аталган номинация буга чейин 2012-жылы кинооператор, КР эл артисти Кадыржан Кыдыралиевге, 2013-жылы кинорежиссёр, КР эл артисти Болотбек Шамшиевге, 2014-жылы кинорежиссёр, КР эл артисти Геннадий Базаровго жана 2015-жылы художник, режиссёр-аниматор Сагын Ишеновго берилген.

Буга чейин "Эң мыкты көрүлгөн тасма" номинациясына "Биртууганчик" тасмасы ээ болгон.

Аталган сыйлыкка 2015-жылы өндүрүштөн чыккан ар кыл жанрдагы тасмалар ат салышат. Мындан төрт жыл мурун негизделген иш-чара 14 номинация боюнча мыктыларды аныктап келсе, былтыртан баштап Борбордук Азияны толугу менен камтып, ага дагы эки номинация кошулган.

Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги жана радиосу — "Ак Илбирс" киносыйлыгынын эл аралык маалыматтык өнөктөшү.

Жаңылыктар түрмөгү
0