Кыргызстандык бийкеч Дубайдагы сулуулук конкурсунун финалына чыкты

© предоставлено Уулжан Зулпукар кызыКыргызстандык Уулжан Зулпукар кызы Дубайда (сол тарапта). Архив
Кыргызстандык Уулжан Зулпукар кызы Дубайда (сол тарапта). Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Уулжан Зулпукар кызы 18 атаандашы менен Miss Online наамы үчүн ат салышат. Ал калыстарды улуттук бийлерди бийлеп жана аспапта кол ойнотуп таң калдырууну пландап жатат.

БИШКЕК, 3-май — Sputnik. Кыргызстандык Уулжан Зулпукар кызы Дубайда өтүп жаткан Queen of USSR Dubai 2016 сулуулук конкурсуна катышууда. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине бийкеч өзү билдирди.

Ал ошондой эле бул сулуулук конкурсу кандай өтүп жатканын жана Queen of USSR башка конкурстардан эмнеси менен айырмалана турганын айтып берди.

"Башында 25 кыз катыштык. Арасынан 19 кыз тандалды", — дейт Зулпукар кызы.

 

#queenofussrdubai2016 #photoshoots dress by @pinksaltdubai @fashionpinksalt

A photo posted by Participant Queen Of USSR 2016 (@etoulya) on Apr 24, 2016 at 5:45am PDT

 

Ал мындай эл аралык конкурска биринчи жолу катышып жатканын белгиледи.

"Кыздарды бир гана сулуулугуна карап эмес, анын талантына жана жөндөмүнө да басым жасалат. Мисалы мен пианино черткенди көрсөтөм. Андан тышкары өз колум менен кийим тиктим, аны кийип финалда кара жоргону бийлейм", — дейт ал.

Сирияда жүз жыл ичинде сулуулук кандай өзгөргөн?
Кыргызстандык сулуу мекендештерди онлайн добуш берүүгө активдүү катышууга чакырды.

"Мен колдоочулардын жардамы менен гана Queen Of Ussr Dubai 2016 конкурсун жеңе алам. Сынакка Кыргызстандын атынан катышып жатам. Бул жеңиш бир гана менин эле эмес, Кыргызстандын да жеңиши болот. Добуш берүү үчүн шилтемени басып, "Кыргызстан" үчүн добуш берүү кажет", — деп ал мекендештерге кайрылды.

Конкурс 19-апрелде башталып, жыйынтыгы 21-майда чыгат. Эң көп "лайк" алган катышуучуга Miss Online наамы берилет.

Жаңылыктар түрмөгү
0