Бишкектиктер дүйнөлүк хореографтар аткарган балет спектаклине күбө болушат

© Sputnik / Владимир Вяткин / Медиабанкка өтүүБалет. Архив
Балет. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстан, АКШ жана Швейцариянын белгилүү хореографтары апрель айында жергиликтүү балет бийчилери үчүн мастер-класс өтүштү. Эми бишкектиктер эки күн бою заманбап балет искусствосуна күбө боло алышат.

БИШКЕК, 30-апр. — Sputnik. Бишкекте заманбап балетинин кечеси өтө турганын Sputnik Кыргызстан агенттигине иш-чаранын уюштуруучусу, хореограф Максат Сыдыков билдирди. Спектаклдер 30-апрель жана 1-майга белгиленген.

Бир кечте көрөрмандар Максат Сыдыков (Кыргызстан), Marquet К. Ли (АКШ) жана Николь Морель (Швейцария) даярдаган үч спектаклге күбө боло алышат. 

Апрель айында хореографтар опера жана балет театрынын артисттери жана Бишкектин хореографиялык училищесинин тарбиялануучулары менен иштеп, бир катар мастер-класстарды өтүштү.

  • Хореограф Максат Сыдыков — Кыргызстанда туулуп, Лондон шаарындагы Улуттук балет мектебинен жана бий академиясынан билим алган. Бир катар ири дүйнөлүк фестивалдардын лауреаты.
  • Николь Морель (Швейцария) — Фрибург консерваториясы менен Гамбург балет мектебинин студенти. 1998-2000-жылдары өткөн Золотурн эл аралык сынактын жеңүүчүсү.
  • Marquet К. Ли (АКШ) — Чикаго балет мектебинин бүтүрүүчүсү. Атактуу хореограф Рене Тулдун жетекчилиги алдында иштеген. 

Жаңылыктар түрмөгү
0