"Сүтак" тасмасынын режиссеру президент Атамбаевден саат алды

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевӨлкө башчысы Алмазбек Атамбаев "Сүтак" көркөм тасмасынын режиссеру Мирлан Абдыкалыковду кабыл алды.
Өлкө башчысы Алмазбек Атамбаев Сүтак көркөм тасмасынын режиссеру Мирлан Абдыкалыковду кабыл алды. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Март айында аталган тасма Балтика жана КМШ мамлекеттеринин эң мыкты тасмасы деп таанылып, "Ника" сыйлыгына татыган.

БИШКЕК, 29-апр. — Sputnik. Өлкө башчысы Алмазбек Атамбаев "Сүтак" көркөм тасмасынын режиссеру Мирлан Абдыкалыков менен продюсери Садык Шер-Ниязды кабыл алганын президенттин маалымат кызматы билдирди.

Март айында аталган тасма Балтика жана КМШ мамлекеттеринин эң мыкты тасмасы деп таанылып, "Ника" сыйлыгына татыган

© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев"Сүтак" көркөм тасмасынын режиссеру Мирлан Абдыкалыков
Режиссер полнометражного игрового фильма Сутак Мирлан Абдыкалыков - Sputnik Кыргызстан
"Сүтак" көркөм тасмасынын режиссеру Мирлан Абдыкалыков

Атамбаев тасманын авторлорун эл аралык бир катар абройлуу сынактарда ийгиликтерге багынтканы менен куттуктап, кинону жараткан чыгармачыл топко кыргыз элинин меймандостугу, салт-санаасы жөнүндө жакшы тасма тартканы үчүн ыраазычылык айтты.

"Силер улуу тоолор арасында көчүп-конуп жашаган кыргыз үй-бүлөсүнүн татаал тагдырын жана турмуш-тиричилигин, алардын каарман эмгегин, жаратылышка болгон сүйүүсүн жана аяр мамилесин, биздин бай каада-салттарыбызды жакшы көрсөтө алгансыңар", — деди өлкө башчы.

Ошондой эле Абдыкалыковго кол саат тапшырып, чыгармачылык ийгилик каалады.

"Сүтак" — адамдардын ортосундагы таза мамилелер, аруу сезимдер, ыйык каада-салт тууралуу тасма. 

"Айтыш-фильм" тарабынан "Ой Арт" студиясы менен биргеликте тартылган тасма бир катар эл аралык кинофестивалдардын баш байгесин багындырган.

Жаңылыктар түрмөгү
0