"Ак Илбирс" үчүн ат салыша турган тасмалар дайын болду

© AFP / MARTIN BUREAU Кинопленка. Архив
Кинопленка. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аталган сыйлыкка 2015-жылы өндүрүштөн чыккан ар кыл жанрдагы тасмалар ат салышат. Тандоо комиссиясы арыз берген 44 тасманын ичинен 15ин тандап алды.

БИШКЕК, 26-апр. — Sputnik. "Ак Илбирс" улуттук киносыйлыгына ат салыша турган тасмалар аныкталганын "Айтыш-фильм" киностудиясынын маалымат катчысы Чолпон Идрисова билдирди.

Эскерте кетсек, сынакка катышуу үчүн жалпы жонунан 44 тасма арыз берген. Анын 10у — толук метраждуу тасма болсо, 9у — даректүү, 25и — кыска метраждуу тасма болгон.

Курманжандатка тасмасынан кадр. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргыз тасмалары Индиядагы эл аралык фестивалдан олжолуу кайтты
Маалыматка ылайык, толук метраждуу тасма сынагында "Сүтак", "Асман алдында", "Биртууганчик", "Раззаков", "Арзы" тасмалары күч сынашмай болду. Кыска метраждуу фильм номинациясында "Тегирмен", "Таксист", "Шакек", "Пицца" жана "Макал-лакаптар" тасмалары калыстардын сынына коюлат. Ал эми даректүү фильм сынагында "Аруулук балдары", "Прощальный гастроли", "Каникулы", "Сафед Булан" жана "Аймактык" тасмалары ат салышат.

Аталган сыйлыкка 2015-жылы өндүрүштөн чыккан ар кыл жанрдагы тасмалар ат салышат. Мындан төрт жыл мурун негизделген иш-чара 14 номинация боюнча мыктыларды аныктап келсе, былтыртан баштап Борбордук Азияны толугу менен камтып, ага дагы эки номинация кошулган.

Сыйлык тапшыруу аземи 15-майда "Манас" кинотеатрында өтөт. 

Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги жана радиосу — "Ак Илбирс" киносыйлыгынын маалыматтык өнөктөшү.

Жаңылыктар түрмөгү
0