Хабаровск шаарында "Биринчи мугалим" тасмасы көрсөтүлдү

© Фото / Александр Федоров"Биринчи мугалим" тасмасынан кадр. Архив
Биринчи мугалим тасмасынан кадр. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мындай иш-чаралар аталган шаарда жашаган ар улуттун достук мамилесин чыңдай турганын Кыргызстандын Хабаровск шаарындагы ардактуу консулу Кадырбек Мырзабаев баса белгиледи.

БИШКЕК, 26-апр. — Sputnik. Бүткүл Россиялык "Китепканадагы түн" ("Библионочь") акциясынын алкагында улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун "Биринчи мугалим" тасмасы көрсөтүлдү. Бул тууралуу "Замандаш" ассоциациясынын маалымат кызматы билдирди.

Манас эстелиги. Архив - Sputnik Кыргызстан
Якутиядагы кыргыз мигранттарынын балдары "Манас таануу" сабагын окушат
Маалыматка ылайык, аталган иш-чара Хабаровск шаарынын илимий китепканасында өткөн.

Кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү кинону тартуу тарыхы жана Айтматовдун өмүрү менен чыгармачылыгы жөнүндө айтып беришти.

Ошондой эле коноктордун даам сызуусу үчүн кыргыздын улуттук таттуулары коюлган.

Кыргызстандын Хабаровск шаарындагы ардактуу консулу Кадырбек Мырзабаев ар улуттун мындай тасмаларын бир жерден көрүү достук мамилени чыңдап, аймакта жашагандарды жакындата турганын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0