Атамбаев: улуттук маданият өлкөнү туруктуу өнүктүрүүгө өбөлгө болот

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидент Алмазбек Атамбаев на втором заседании совета по сохранению и развитию национальной культуры
Президент Алмазбек Атамбаев на втором заседании совета по сохранению и развитию национальной культуры - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жыйын катышуучулары улуттук маданиятты сактоо жана өнүктүрүү боюнча кеңештин мүчөлөрү күн тартибине коюлган маселелер боюнча ойлорун жана сунуштарын ортого салышты.

БИШКЕК, 25-апр. — Sputnik. Маданиятты өнүктүрүү аркылуу жаңы замандын адамын калыптандырууга жана өлкөнү туруктуу өнүктүрүүгө өбөлгө түзүү мүмкүн. Бул тууралуу президент Алмазбек Атамбаев Улуттук маданиятты сактоо жана өнүктүрүү боюнча кеңештин экинчи жыйынында билдирди.

Атамбаев опера жана балет театрынын эмгек жамаатынын айлыгын көбөйтүүнү тапшырды
Анда Кеңештин катышуучуларына азыркы заманда улуттук маданиятты сактоо жана өнүктүрүү жаатында мамлекеттик саясаттын негизги багыттары жана Кеңештин биринчи жыйынында кабыл алынган иш-чаралар планынын аткарылышы тууралуу маалымат берилип, вице-премьер Гүлмира Кудайбердиева баяндама жасады.

Президент өз сөзүндө маданиятты өнүктүрүү аркылуу жаңы замандын адамын калыптандырууга жана өлкөнү туруктуу өнүктүрүүгө өбөлгө түзүү мүмкүн экенин белгиледи. 

Мындан тышкары, улуттук маданиятты сактоо жана өнүктүрүү боюнча кеңештин мүчөлөрү күн тартибине коюлган маселелер боюнча ойлорун жана сунуштарын ортого салышты. 

Талкуунун аягында Кеңештин биринчи жыйынында алынган иш-чаралар планынын аткарылышы тууралу өкмөттүн маалыматы бекитилди.

Жаңылыктар түрмөгү
0