Таймаштын кийинки этабында орус драма театры менен шаардык театр беттешет

© Sputnik / Табылды КадырбековСахнадагы театр артисттери. Архив
Сахнадагы театр артисттери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин беш этап өтүп, жеңишке Жаштар театры, Чүй облустук театры, Өзбек драма театры, Ош жана Жалал-Абад облустук театрлары жеткен.

БИШКЕК, 22-апр. — Sputnik. Жыл башынан бери өтүп келе жаткан Театрлар таймашынын алтынчы этабында Чыңгыз Айтматов атындагы мамлекеттик орус драма театры менен Арсен Өмүралиев атындагы Бишкек шаардык драма театры беттешет. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлиги билдирди.

Актёрлор Айтматовдун "Кыямат", Шекспирдин "Ромео жана Жульетта", Бомаршенин "Фигаронун үйлөнүүсү" драмаларынан үзүндү коюшат. 

Лондон шаарына көрүнүш. Архив - Sputnik Кыргызстан
Лондондо Раевдин "Ханышанын көз жашы" драмасын британиялык актерлор ойнойт
Эскерте кетсек, Театрлар таймашын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги уюштуруп, спектаклдердин сапатын жакшыртууну көздөйт.

Биринчисинде "Учур" менен беттешкен Жаштар театры жеңишке жетишсе, экинчисинде Улуттук драма театры менен ат салышкан Чүй облустук театры озуп кеткен.

Андан кийинки этаптар 13-14-апрель күндөрү Ош шаарындагы Бабур атындагы өзбек театрында өтүп, аталган мекеме Алай райондук театрын жеңип алган. Төртүнчүсүндө Талас облустук театрын кабыл алган Ош облустук театры алдыга чыккан. Ал эми кийинкисинде Баткен облустук театры менен ат салышкан Жалал-Абад облустук театры жеңишке жеткен. 

Маалыматка ылайык, таймаштын алтынчы этабы Чыңгыз Айтматов атындагы мамлекеттик орус драма театрында 24-апрель күнү саат 18.00дө өтөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0