Лондондо Раевдин "Ханышанын көз жашы" драмасын британиялык актерлор ойнойт

© Sputnik / Владимир Астапкович / Медиабанкка өтүүЛондон шаарына көрүнүш. Архив
Лондон шаарына көрүнүш. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Англиялык актерлор аталган пьесанын таасири менен Кыргызстанга жана бүтүндөй Орто Азияга кызыгуу жаралып жатканын белгилешти.

БИШКЕК, 20-апр. — Sputnik. "Ханышанын көз жашы" драмасы англиялык актёрлордун катышуусунда Улуу Британияда өтөрүн Тарых жана маданият жылын өткөрүү боюнча дирекциянын катчылыгы билдирди.

Кыргыз драматургу Султан Раевдин аталган пьесасы Лондондогу эң мыкты OrzuARTS театрында көрсөтүлөт.

Постановканын продюсери Жозеф Сандр спектаклге болгон даярдык кызуу жүрүп жатканын айтат. Башкы каарман Курманжан Датканын жана Силуэттин ролун белгилүү британ актеру Кейти Тревелян менен Антони Офиобу ойнойт.

"Учурда актриса ролду ийине жеткирүү үчүн болушунча иштеп жатат. Ошондой эле Кыргызстандагы элдин жашоо-турмушу менен таанышууда", — деп театрдын продюсери Жозеф Сандр билдирди.

Башкы каармандын ролун ойной турган актер Антони Офиобу "Ханышанын көз жашы" пьесасынан абдан таасирленген.

"Бул пьеса аркылуу мен Орто Азияны өзүм үчүн ачып жатам. Ошондой эле Кыргызстан тууралуу кызыктуу нерселерди үйрөнүүдөмүн", — дейт ал.

Спектаклдин бет ачары 2016-жылы август айында болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0