Ошто Россия киносунун жумалыгы башталды

© Sputnik / Артем Житенев / Медиабанкка өтүүБабина со старой кинопленкой. Архив
Бабина со старой кинопленкой. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда СССРдин эл артисти Людмила Чурсина баштаган россиялык делегация келди.

БИШКЕК, 19-апр. — Sputnik. Бүгүн Ошто Россия киносунун жумалыгы башталды. Бул тууралуу Кинематография департаменти билдирди.

Кинолента. Архив - Sputnik Кыргызстан
"Сафед Булан" даректүү тасмасы аягына чыкты
Маалыматка ылайык, Оштун тургундарына 23-апрелге чейин Россияда акыркы убакта тартылган алты тасма тартууланат. Баарын тең кыргыз субтитрлери коштойт.

Жумалык Ош шаарындагы "Семетей" кинотеатрында өтөт. 

Учурда СССРдин эл артисти Людмила Чурсина баштаган россиялык делегация келди. Ал эми кыргыз тараптан Кинематография департаментинин директору Мукталы Бектеналиев баштаган кино жаатындагы өкүлдөр күбө болууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0