"Азия MIX" КВНдин жарым финалына чыккан оюн жекшемби күнү көрсөтүлөт

© Sputnik / Михаил Климентьев / Медиабанкка өтүүСахнадагы КВН оюнчулуры. Архив
Сахнадагы КВН оюнчулуры. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандык команда жарым финалга чыккан оюндар качан жана кайсы каналдарда көрсөтүлөрүн Шайырлар жана тапкычтар клубунун эл аралык бирикмесинен айтып беришти.

БИШКЕК, 16-апр. — Sputnik. КВНдин Жогорку лигасынын чейрек финалдык оюндары жекшемби күнү Россиянын Биринчи каналынан көрсөтүлө турганы Шайырлар жана тапкычтар клубунун эл аралык бирикмесинин сайтында айтылат.

Оюндун 1/4 бөлүгү Москвада өтүп, анда бишкектик "Азия MIX" менен Москва мамлекеттик циркинин курама командасы жарым финалга өттү.

Оюн 17-апрель күнү жергиликтүү убакыт боюнча саат 18.55те Россиянын Биринчи каналынан көрсөтүлөт. 

Өлкөнүн бокс боюнча чемпиону, Азия Mix квн командасынын мүчөсү Марат Жуманалиев - Sputnik Кыргызстан
"Азия MIXтеги" Маратик: КВНге чейин Валуев менен мушташкам
Чейрек финалдык оюнда КРдин командасы Москва мамлекеттик чоң циркинин курамасы, "Русская дорога" (АГПУ, Армавир) жана МФЮАнын (Москва финансы-юридикалык университети, Москва — Волгоград) курамасы менен ойнойт.

8-апрелде биринчи топтун командалары үчүн чейрек финал өткөн. Жарым финалга регламент боюнча эки команда өттү — "Доброжелательный Роман" (Санкт-Петербург) жана "Радио Свобода" (Ярославль). "Доброжелательный Роман" командасы биринчи орундан дароо жарым финалга өткөнү үчүн 400 миң рублга ээ болду. 

Бул сезондо 20 команда күч сынашууда. Былтыр октябрь айында "Азия MIX" КВНдин жогорку лигасынын финалына чыга албай калган.

Ал эми 2015-жылы "Голосящий КиВиН" музыкалык фестивалында байгеге татыган.

Жаңылыктар түрмөгү
0