1000 комузчу "Кербезим" күүсүн аткарып, Гиннес китебине кирүүнү көздөп жатышат

Жазылуу
Комузчулар Кыргызстандын бардык аймактарынан чогултулат. Алар Экинчи Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында күүнү аткарат.

БИШКЕК, 14-апр. — Sputnik. Экинчи Дүйнөлүк көчмөндөр оюнун ачылыш аземинде 1000 комузчунун бир учурда күү аткаруусу пландалууда. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине Экинчи дүйнөлүк көчмөндөр оюнун өткөрүүчү топтун координатору Дарика Асылбашева билдирди.

Ал иш-чарага жалпы өлкөдөн комузчулар чогуларын айтты. 

"Азырынча "Кербезим" күүсүн аткаруу пландалууда. Миң комузчунун күү аткаруусун Гиннестин рекорддор китебине киргизүүнү көздөп жатабыз ", — дейт Асылбашева. 

Эске сала кетсек, Кыргызстан быйыл Экинчи Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүүгө белсенип жатат. 

Былтыр 9-14-сентябрь күндөрү Кыргызстандын демилгеси менен Биринчи Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өткөн. Анда спорттун 10 түрү боюнча 19 өлкөдөн келген спортчулар ат салышкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0