"Сүтак" Германияда прокатка чыгып, 30 шаарында көрсөтүлмөй болду

© Фото / предоставлено Алтынай Койчумановой"Сүтак" тасмасынан кадр. Архив
Сүтак тасмасынан кадр. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Прокаттык иш-чаранын алкагында өткөн премьералык көрсөтүүлөрдө "Сүтакты" режиссер Абдыкалыков өзү тартуулады.

БИШКЕК, 13-апр. — Sputnik. Кыргызстандык режиссер Мирлан Абдыкалыковдун "Сүтак" тасмасы Германиядагы прокаты башталды. Бул тууралуу Кинематографияны колдоо фондусу билдирди.

Саякбай Каралаевдин эстелиги. Архив - Sputnik Кыргызстан
"Саякбай манасчы" тасмасы үчүн славян түспөлүндөгү кыздарга кастинг жарыяланды
11-апрелде аталган тасма Пфорцхайм жана Карлсруэ шаарларынын тургундарына тартууланды. Алдыда Дрезден, Висбаден, Берлин, Франкфурт-на-Майне шаарлары турат. Прокаттык иш-чаранын алкагында өткөн премьералык көрсөтүүлөрдө "Сүтакты" режиссер Абдыкалыков өзү тартуулады. 

Маалыматка ылайык, 14-апрелден тарта Германиянын 30 шаарынын 40 кинотеатрында көрсөтүлөт.

"Сүтак" — адамдардын ортосундагы таза мамилелер, аруу сезимдер, ыйык каада-салт тууралуу тасма. "Айтыш-фильм" тарабынан "Ой Арт" студиясы менен биргеликте тартылган тасма бир катар эл аралык кинофестивалдардын баш байгесин багындырган.

Жаңылыктар түрмөгү
0