Sputnik агенттигинин фото кабарчысы CHIPP сынагынын жеңүүчүсү болду

© Sputnik / Алексей Филиппов / Медиабанкка өтүүSputnik агенттигинин фото кабарчысы Алексей Филипповдун сүрөтү. Архив
Sputnik агенттигинин фото кабарчысы Алексей Филипповдун сүрөтү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Спорттук сүрөттөрү үчүн фотограф ири эл аралык конкурстун коло медалына татыды.

БИШКЕК, 5-апр. — Sputnik. Sputnik агенттигинин фото кабарчысы Алексей Филиппов фото журналистика боюнча эң ири China International Press Photo Contest (CHIPP) эл аралык конкурсунун коло медалына ээ болду. Фото кабарчы "Спорттук жаңылыктар" (Sports news) номинациясына "Каршы туруу" деген аталыштагы эмгектерин сунуштап, байгеге татыды. 

Фоторепортаждар 2015-жылы Москвада өткөн фехтование боюнча дүйнө чемпионатында даярдалган. Сүрөттөрдө рапира менен чабышуу боюнча аялдар арасындагы биринчилик үчүн финалдык беттешке чыккан италиялык айым Мартина Батини менен россиялык Инна Дериглазованын, мындан тышкары, спорттун ушул эле түрү боюнча италиялык айым Арианна Эрригонун жарым финал учурундагы беттештери тартылган. Ошондой эле аялдар арасындагы кылыч менен чабышуу боюнча Софья Великая (Россия) жана Анна Мартондун (Венгрия) беттешүүсүнүн сүрөттөрү жана башка бир нече эмгектер бар. 

Жылмайган ЖМК өкүлдөрү: журналисттер иш үстүндө
China International Press Photo Contest (CHIPP) — Кытайдын фотожурналисттер коому тарабынан уюштурулган жыл сайын өтүүчү фото конкурс. Анда дүйнөнүн фото журналисттери менен фотографтары өз эмгектерин көргөзүп, чыгармачыл идеялары жана пикирлери менен бөлүшө турган аянтча болуп эсептелет. 

Sputnik Images — ондогон өлкөлөрдүн мультимедиалык маалымат борборлору сунуштаган Sputnik эл аралык маалымат агенттиги жана радиосунун фотобанкы. Sputnik маалымат порталдарды, аналогдук жана санариптик радио уктурууну, мобилдик тиркемени жана социалдык түйүндөрдү өз ичине камтыйт. Sputnik англис, испан жана кытай тилдеринде жаңылыктар түрмөгүн жарыялап турат. 

Sputnik сайттары 30дан ашуун тилде, анын ичинде англис, араб, испан, италия, кытай, поляк, португал, серб, түрк жана француз тилдеринде иштейт. Sputnik сайттары окурманга ар түрдүу контентти: инфографиканы, видеолорду, фоторепортаждарды, онлайн-эфирлерди, интернет-добуш берүүлөрдү сунуштайт. Ыкчам жаңылыктардан тышкары Sputnik аналитикалык материалдарды жана эксклюзивдүү маектерди жарыялайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0