Бишкекте курут фестивалы өтөт

Жазылуу
Иш-чарада курут жармаңкеси уюштурулуп, улуттук аспаптардын коштоосунда концерт тартууланат.

БИШКЕК, 5-апр. — Sputnik. Үстүбүздөгү жылдын 17-апрелинде Кыргыз-Түрк "Манас" университетинде улуттук курут фестивалы өтөт. Бул тууралуу аталган окуу жай билдирди.

Күлкү, шаң жана ачык маанай. Борбор калаада маскарапоздордун фестивалы өттү
Иш-чарада курут жармаңкеси уюштурулуп, улуттук аспаптардын коштоосунда концерт тартууланат. Мындан сырткары, Кыргызстандын ашпозчулар ассоциациясынын ашпозчулары улуттук тамак-аштын жана куруттун жасалышы боюнча мастер-класс өтөт. 

Фестиваль саат 10:00дө "Жал" кичи районунда жайгашкан Кыргыз-Түрк "Манас" университетинде болот. 

Ага бардык каалоочулар катыша алат. 

Жаңылыктар түрмөгү
0