Жусуп Абдрахмановдун "1916-жыл. Күндөлүктөр. Сталинге каттар" китеби кыргызчага которулду

Жазылуу
Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия китеп апрелде 2000 нуска менен жарыкка чыга турганын белгилейт.

БИШКЕК, 5-апр. — Sputnik. Белгилүү мамлекеттик ишмер Жусуп Абдрахмановдун "1916-жыл. Күндөлүктөр. Сталинге каттар" аттуу китеби кыргыз тилине которулганын Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия билдирди.

Шырдакта отурган кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан
“Кыргыз шырдагы” китеби жарык көрдү
Маалыматка ылайык, китеп премьер-министр Темир Сариевдин демилгеси менен которулган. Анда Абрахмановдун өз колу менен жазылган күндөлүктөрүнүн, эл алдында сүйлөгөн сөздөрүнүн топтому камтылып, алгач китеп орус тилинде басылып чыккан. 

Котормочу Осмонованын билдирүүсүндө китепте 1916-жылдагы Улуттук боштондук көтөрүлүш тууралуу баалуу маалыматтар да кездешет. 

"1916-жыл. Күндөлүктөр. Сталинге каттар" китеби апрель айында 2000 нуска менен жарыкка чыкмакчы.

Мамлекеттик ишмер Жусуп Абдрахманов Кыргыз АССРинин Эл Комиссарлар Советинин биринчи төрагасы болгон. 1937-жылы жалаа менен камакка алынып, 1938-жылы атылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0