Кыргызстандык ырчы Анастасия Лимарева Кытайдагы "Добуш" сынагынын тандоо турунан өттү

© Sputnik / Жоомарт УраимовInstagram социалдык тармагынын naska_lim аттуу колнуучунун баракчасы. Анастасия Лимарева. Архив
Instagram социалдык тармагынын naska_lim аттуу колнуучунун баракчасы. Анастасия Лимарева. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда ырчы кийинки турга кызуу камданууда. Экинчи айлампада ал үрүмчүлүк кыз менен жарышат.

БИШКЕК, 4-апр. — Sputnik. Кыргызстандык ырчы Анастасия Лимарева Кытайдагы "Добуш" шоусунун тандоо турунан өткөнүн Instagram баракчасына жарыялады. 

Аталган музыкалык шоу атактуу "The Voice" долбооруна шайкеш келип, Кытайда аз убакыттын ичинде күйөрмандарды топтой алган. Программаны тартуу иштери 2015-жылдын декабрь айында Чжэцзян провинциясында башталган. 

I love you baby...nananana🎤

A video posted by 张娜斯佳 (@naska_lim) on Mar 19, 2016 at 12:58am PDT

Кыргызстандык Анастасия Лимарева учурда Кытайда жогорку жайлардын биринде билим алат. 

"Кайсыл ыр менен чыгарымды тандоо мен үчүн кыйынга турду. Чынын айтсам, абдан толкундандым. Жыйынтыгы жакшы болуп, кийинки турга өттүм", — дейт ырчы. 

Калыстар Анастасиянын үнүн уккан соң жакшы пикирин айтып, кийинки айлампага өткөрүшкөн. 

"Бизди жуптарга бөлүп коюшкан. Мен үрүмчүлүк кыз менен жарышам. Конкурста Кыргызстандан мен эле катышып жатам. Россия, Казакстандан катышуучулар бар", — дейт Лимарева. 

Уюштуруучулардын айтымында баш байгеге автоунаа коюлган.

Жаңылыктар түрмөгү
0