"Сүтактын" режиссеру: "Ника" тууралуу СМСтен билдим

© Фото / предоставлено Алтынай КойчумановойФильм "Небесное кочевье" ("Сутак")
Фильм Небесное кочевье (Сутак) - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Ника" сыйлыгынын жеңүүчүсү Мирлан Абдыкалыков Sputnik Кыргызстан агенттигине сыйлоо аземине эмне себептен барбай калганы жана атасы бул жаңылыкка кандай баа бергени тууралуу айтып берди.

БИШКЕК, 2-апр. — Sputnik. Жума күнү режиссер Мирлан Абдыкалыковдун "Сүтак" тасмасы "Ника" киносыйлыгынын "КМШ жана Балтика өлкөлөрүнүн мыкты тасмасы" номинациясында жеңишке жетишти. 

— Саламатсызбы, жеңиш кут болсун!

— Рахмат. Бирок чынын айтсам, бул менин эле эмес, жалпы эмгек жамааттын жеңиши. Ага кошуп жалпы кыргызстандыктарды куттуктап кетким келет.

© предоставлено Алтынай КойчумановаРежиссер Мирлан Абдыкалыков
Мирлан Абдыкалыков - Sputnik Кыргызстан
Режиссер Мирлан Абдыкалыков

— Сыйлык тууралуу кантип билдиңиз?

— Аз жерден уктап кала жаздадым (күлүп). Үй-бүлөбүз менен сыйлык тапшыруу аземин Интернеттен көрөлү деп отурганбыз. Бирок жакшы көргөзбөй койгонунан смартфонума эскертүү коюп, уктап калдым. Биринчи куттуктоону СМС билдирүү аркылуу алдым десем болот.

— Москвага эмнеге өзүңүз барган жоксуз?

— Баары келип эле акчага такалат да. Кыргызстандын Россиядагы элчилигине кайрылып, салтанатка катышып бергиле деп өтүнгөнбүз. Билгендей, ырас, аракетибиз текке кеткен жок.

— Атаңыз эмне деди?

© Sputnik / Рамиль Ситдиков / Медиабанкка өтүүXXIX ТОРЖЕСТВЕННАЯ ЦЕРЕМОНИЯ ВРУЧЕНИЯ ПРЕМИИ "НИКА"
XXIX ТОРЖЕСТВЕННАЯ ЦЕРЕМОНИЯ ВРУЧЕНИЯ ПРЕМИИ НИКА - Sputnik Кыргызстан
XXIX ТОРЖЕСТВЕННАЯ ЦЕРЕМОНИЯ ВРУЧЕНИЯ ПРЕМИИ "НИКА"

— Мен аны түн ичинде аэропорттон тосуп алдым. Германияда "Кентавр" тасмасынын үстүндө иштеп жатат да. Сураганынан болгонун айтсам, тамаша катары кабыл алды. 1-апрель эмес беле. Анан ишенип, куттук айтты. Бул жеңиш чынында ага да таандык. Мен ага аябай ыраазымын.

— Эми эмне менен алек болоюн деп атасыз?

— Иштейбиз да. Мен эми начар тасма тартууга акым жок (күлүп). Чынында сыйлык чоң кубаныч менен бирге ири жоопкерчиликти да жүктөйт эмеспи. Ишенимден тайбаганга аракет кылам.

— "Оскар" сыйлыгына дагы бир чамынып көрөсүзбү?

— Албетте. "Сүтак" узун тизмеге кирип, бирок андан ары кете албай калды. Кыргызстанга "Оскар" алып келе ала турган мыкты режиссерлор көп.

Жаңылыктар түрмөгү
0