"Сүтакка" ыйгарылган "Ника" Кыргызстанга эмки жумада келет

© Sputnik / Рамиль Ситдиков / Медиабанкка өтүү"Ника" киносыйлыгы
Ника киносыйлыгы - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Салтанатка Кыргызстандын атынан элчиликтин кызматкерлери катышкан. Режиссер Мирлан Абдыкалыков сыйлык тапшыруу аземине жеке маселелерине байланыштуу барбай калганын белгиледи.

БИШКЕК, 2-апр. — Sputnik. "Сүтак" тасмасына ыйгарылган Россиянын абройлуу "Ника" киносыйлыгынын статуэткасы кийинки жумада Кыргызстанга алып келинет. Бул тууралуу өлкөнүн Россиядагы элчилиги билдирди.

Кыргызстандык режиссердун "Таксист" тасмасы Канн кинофестивалында көрсөтүлөт
Эскерте кетсек, кечээ, 1-апрель күнү Мирлан Абдыкалыковдун "Сүтак" тасмасы "Ника" сыйлыгынын "КМШ жана Балтика мамлекеттеринин мыкты фильми" номинациясында жеңишке жетишкен. 

Сыйлык тапшыруу аземи Москвадагы "Русская песня" залында өттү.

Салтанатка Кыргызстандын атынан элчиликтин кызматкерлери катышып, сыйлыкты Асел Юсупова алган. 

"Сыйлык колубузда турат, буюрса эмки жумада Кыргызстанга жөнөтөбүз", — деди маалымат кызматынын өкүлдөрү.

Режиссер Абдыкалыков сыйлык тапшыруу аземине жеке маселелерине байланыштуу барбай калганын белгиледи.

Эскерте кетсек, буга чейин аталган сыйлыкты бир да кыргызстандык тасма алган эмес. Абдыкалыковго чейин белгилүү режиссер Эрнест Абдыжапаровдун "Айыл өкмөт" жана "Боз салкын", Темир Бирназаровдун "Кумар" жана "Белгисиз маршрут", Актан Арым Кубаттын "Свет аке", ошондой эле Садык Шер-Нияздын "Курманжан датка" тасмалары ат салышкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0