Бишкекте маскарапоздордун фестивалы өтөт

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргыз мамлекеттик цирк. Архив
Кыргыз мамлекеттик цирк. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Күлкү күнүнө карата өткөрүлүп жаткан фестивалга Кыргызстандан тышкары Казакстан, Украина жана Молдовадан келген маскарапоздор катышат.

БИШКЕК, 30-мар. — Sputnik. Кыргыз мамлекеттик циркте маскарапоздордун фестивалы өтө турганын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, иш-чара 1-апрелге белгиленген. Фестивалдын уюштуруучусу, цирктин көркөм жетекчиси Кадырбек Тажиевдин айтымында, клоунадага Кыргызстандан тышкары Казакстан, Украина жана Молдвадан келген маскарапоздор катышат.

Фестиваль эки жолу өтүп, биринчиси саат 10.00дө тартууланса, экинчиси саат 13.00дө болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0