Бүгүн окуучулар арасындагы театр фестивалынын 3-айлампасы башталат

Жазылуу
Фестивалдын акыркы бөлүгү улуттук драма театрында өтүп, 25-мартка чейин созулат. Ага облустардан тандалып алынган мыкты спектаклдер ат салышмакчы.

БИШКЕК, 23-мар. — Sputnik. Кыргызстанда окуучулар арасында өтүп жаткан театралдык фестивалдын үчүнчү айлампасы бүгүн башталат. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлиги билдирди.

Театр сахнасы.  Архив - Sputnik Кыргызстан
Бишкекте студенттер арасында театр фестивалы башталат
Маалыматка ылайык, иш-чаранын биринчи айлампасы өлкөнүн райондорунда 25-январга чейин өткөрүлүп, тандалган спектаклдер кийинки турга жолдомо алышкан.

Экинчи айлампа бардык облустар менен Бишкек жана Ош шаарларында 25-февралга чейин өтүп, мыкты чыгармалар аныкталган. 

"Тарых жана маданият" жылына карата өткөрүлүп жаткан иш-чаранын акыркы бөлүгү Токтоболот Абдымомунов атындагы улуттук драма театрында саат 9.30да башталып, 25-мартка чейин уланат.

Жаңылыктар түрмөгү
0