Быйыл жети күндүк Манас айтуу Ошто май-апрель айларында өтөт

Жазылуу
Уюштуруучулар бул жылы атайын программа түзүп, катыша турган манасчылардын санына жараша үчилтиктин окуяларын бөлүүнү чечишкен. Адаттагыдай эле мында манасчыларга убакыт боюнча чек коюлбайт.

БИШКЕК, 20-мар. — Sputnik. Салтка айланган жети күндүк Манас айтуу иш-чарасы быйыл Ош облусунда май-апрель айларында өтө турганын “Саякбай манасчы” коомдук фондусунун мүчөсү, манасчы Улан Исмаилов билдирди.

Улан манасчы: Манасты кантип, кайдан алып айтып жатканымды түшүнбөйм
Анын айтымында, бул боюнча учурда облус администрациясы менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. 

Эскерте кетсек, жыл сайын өтүп келген Манас айтуу былтыр ноябрь айында Бишкектеги этнокомплекстердин биринде өтүп, соңку күнү иш-чараны өткөрүү кезеги Ош облусуна расмий тапшырылган.

Уюштуруучулар бул жылы атайын программа түзүп, катыша турган манасчылардын санына жараша үчилтиктин окуяларын бөлүүнү чечишкен. Адаттагыдай эле мында манасчыларга убакыт боюнча чек коюлбайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0