Александр Масляков Бишкекке келди

© Sputnik / Екатерина Чеснокова / Медиабанкка өтүүАлып баруучу Александр Масляков (кичүүсү) аялы менен. Архив
Алып баруучу Александр Масляков (кичүүсү) аялы менен. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ал "Ала-Тоо" КВН расмий лигасынынын сезонун ачып, 15 команданын оюнуна күбө болду.

БИШКЕК, 20-мар. — Sputnik. Александр Масляков (кичүүсү) Бишкекке келгенин "Ала-Тоо" КВН расмий лигасынын пиар кызматынын башчысы Виктор Линовицкий Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

Ал Сатылганов атындагы Улуттук филармониясында өткөн "Ала-Тоо" КВН расмий лигасынынын сезонун ачты. Анда 15 команда оюн көрсөтүп, анын 12си чейрек финалга өттү. 

"Баарынын маанайы жакшы болуп, оюн жогорку деңгээлде өттү. Оюндун кийинки этабы жайында Бишкек шаарында болот", — дейт Виктор Линовицкий. 

Фестивалдын коногу КВНдин жогорку лигасынын вице-чемпиону "Детективное агентство “Лунный свет" командасы болду. 

"Ала-Тоо" КВН лигасы Александр Масляков (кичүүсү) тарабынан уюштурлуп, ага аймактык командалар катышат. 

Жаңылыктар түрмөгү
0