Бишкек жаз мезгилин Жаз фестивалы менен тосуп алат

© Sputnik / Константин Чалабов / Медиабанкка өтүүСаксофонист. Архив
Саксофонист. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Биринчи концерт Бишкектин борборунда ачык асман алдында өтөт. Андан кийин жаз музыканттары концерттерин Улуттук филармонияда тартуулайт.

БИШКЕК, 16-мар — Sputnik. Бишкекте 6-11-апрель күндөрү салтка айланган Эл аралык "Жаз. Бишкек. Жаз — 2016" фестивалы өтөт.

Ага АКШ, Германия, Италия, Австрия, Швейцария, Өзбекстан, Тажикстан жана Кыргызстандан 11 топ катышат. 

Иранда өткөн фестивалда кыргыз чий куурчактары чоң кызыгууну жаратты
Иш-чараны "Борбордук Азия — Арт Менеджмент" коомдук фондусу Кристенсен фонду, АКШ, Швейцария, Австрия, Германия, Италия элчиликтери жана Гёте институту менен Бишкек мэриясынын колдоосу аркылуу уюштуруп жатат. 

Фестиваль "Чексиз музыка" ураанынын алдында өтөт. 

Биринчи концерт 8-апрель күнү Бишкектин ортосундагы Курманжан датканын эстелигинин жанында ачык асман алдында өтөрү күтүлүүдө. Калган эки күнү концерттер улуттук филармониянын залында тартууланат. 

Sputnik Кыргызстан эл аралык маалымат агенттиги жана радиосу аталган фестивалга маалыматтык колдоо көрсөтөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0