"Азия MIX" КВНдин жогорку лигасынын чейрек финалына өттү

© Фото / Марат Джуманалиев"Азия MIX" командасы. Архив
Азия MIX командасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Оюндун жүрүшүндө кыргызстандык шайырлар жана тапкычтар жогорку оюн көрсөтүшкөнүн калыстар тобу белгилешти.

БИШКЕК, 12-мар. — Sputnik. "Азия MIX" командасы шайырлар жана тапкычтар клубунун (КВН) чейрек финалына өтүштү. Бул тууралуу клубдун расмий сайтында маалымдалат.

Оюн Россия Армиясынын Москвадагы театрында өттү.

Кыргызстандык оюнчулардын атаандаштары Долгопрудный шаарынын курамасы, Мамлекеттик башкаруу университети жана Улуттук изилдөө технологиялык университетинин курамы командасы, Башкыртстандын "Уфа" жана Армавир мамлекеттик педагогикалык университетинин "Русская дорога" командалары болду.

"Чейрек финалга чыккандарды куттуктайбыз. Беш команданын үчөө чейрек финалга өттү. Алар – Мамлекеттик башкаруу университетинин жана Улуттук изилдөө технологиялык университетинин курамы командасы, Москва – 10,8 упай, Армавир мамлекеттик педагогикалык университетинин "Русская дорога" командасы менен "Азия MIX" командалары 11,7 упай алды. Аларга 200 миң рубль берилет", — деп айтылат клубдун сайтында.

Шайыр жана тапкыч бишкектиктерге өзбекстандык ырчы жана актриса Ситора Фармонова. Архив - Sputnik Кыргызстан
"Азия MIX" мүчөсү, Ситора: кичинемде эркек баладай элем
Калыстар тобунун мүчөлөрү оюн жогорку деңгээлде өткөнүн айтышты.

Быйылкы сезонда 20 команда ойнойт. Былтыр октябрь айында "Азия MIX" КВНдин жогорку лиганын финалына чыга албай калган. 

2015-жылы "Азия MIX" биринчи жолу "Голосящий КиВиН — 2015"музыкалык фестивалында байге уткан болчу.

Жаңылыктар түрмөгү
0