Берлинде боз үй тигилип, КР туроператорлору эл аралык көргөзмөгө катышып жатат

Жазылуу
Эл аралык иш-чара жыл сайын өтүп келет. Учурда көргөзмөнүн катышуучулары чет элдик өнөктөштөр менен мамиле түзүп, сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканы белгилүү болду.

БИШКЕК, 10-мар. — Sputnik. Кыргызстан Германиянын Берлин шаарында өтүп жаткан ITB-2016 Эл аралык туристтик көргөзмөгө катышып жатканын Тышкы иштер министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, иш-чара 9-мартта башталып, ага 185 өлкөдөн келген 10 миңге чукул туроператор катышууда. Көргөзмө жалпы жонунан 160 миң чарчы метр аянтты ээледи.

Кыргызстандын бурчунда боз үй тигилген. Учурда көргөзмөнүн катышуучулары чет элдик өнөктөштөр менен мамиле түзүп, сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканы белгилүү болду.

Боз үй — кыргыздардын уникалдуу турак-жайы жөнүндө Sputnik инфографикасынан көрө аласыздар>> 

© Sputnik_InfographicsБоз үй — кыргыздардын уникалдуу турак-жайы
Боз үй — кыргыздардын уникалдуу турак-жайы - Sputnik Кыргызстан
Боз үй — кыргыздардын уникалдуу турак-жайы

Жаңылыктар түрмөгү
0