"Азия Mix" командасынын чейрек финалга чыгууга 100 пайыз мүмкүнчүлүгү бар

© Фото / Сергей Андрианов"Азия MIX" командасынын катышуучулары. Архив
Азия MIX командасынын катышуучулары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандын "Азия Mix" командасы 11-март күнү Москвада өтө турган КВНдин Жогорку лигасынын чейрек финалында ат салышат.

БИШКЕК, 9-мар. — Sputnik. Букмекерчилердин айтымында "Азия Mix" командасынын чейрек финалга чыгууга 100 пайыз мүмкүнчүлүгү бар.

Эске сала кетсек, Кыргызстандын "Азия Mix" командасы 11-март күнү Москвада өтө турган КВНдин Жогорку лигасынын чейрек финалында ат салышат.

Алардын айтымында оюндун жүрүшдө "Физтех" (Долгопрудный шаары) командасынын мүмкүнчүлүгү көбүрөөк. Ага — 2 коэффициент, ал эми "Азии Mix" командасына 2,5 коэффициент берилүүдө. Калган үч команданын мыкты аталууга мүмкүнчүлүктөрү азыраак болуп ГУУ жана МИСиС университеттеринин курама командасына (Москва) 5,5 жана "Уфага" (Башкыртстан) 7,5 ал эми АГПУ курамасына "Русская дорога" (Армавир) 8,5коэффициент берилүүдө.

Эскерте кетсек күчтүү командаларга коэффициент аз берилет.

Сахнадагы КВН оюнчулары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Александр Масляков (кичүүсү) "Ала-Тоо" лигасынынын сезонун ачат
Быйылкы сезондо 20 команда күч сынашат. Кыргызстандыктар менен бирге төрт — "Физтех " (Долгопрудный шаары), ГУУ жана МИСиС университеттеринин курама командасы (Москва), "Уфа" (Башкыртстан) жана АГПУ курамасы "Русская дорога" (Армавир) командалары ойнойт.

Былтыркы жылдын октябрь айында "Азия MIX" Белгороддон келген "Детективное агентство "Лунный свет", астаналык "Спарта", ярославдык "Радио Свобода" жана москвалык "Горизонт" командаларынан утулуп, оюндун финалына чыга албай калган.

Ал эми июль айында "Азия MIX" биринчи жолу "Голосящий КиВиН — 2015" музыкалык фестивалында байгеге ээ болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0