"Азия Mix" командасы Жогорку лиганын чейрек финалында ат салышат

© Фото / Сергей Андрианов"Азия MIX" КВН командасы. Архив
Азия MIX КВН командасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Былтыр кыргызстандык команда Жогорку лиганын жарым финалына чейин жеткен.

БИШКЕК, 7-мар. — Sputnik. Кыргызстандын "Азия Mix" командасы 11-март күнү Москвада өтө турган КВНдин Жогору лигасынын чейрек финалында ат салыша турганы команданын Facebook баракчасында жарыяланган. https://www.facebook.com/KvnAsiamix/?fref=ts. 

Быйылкы сезондо 20 команда күч сынашат. кыргызстандыктар менен бирге төрт — "Физтех " (Долгопрудный шаары), ГУУ жана МИСиС университеттеринин курама командасы (Москва), "Уфа" (Башкыртстан) жана АГПУ курамасы "Русская дорога" (Армавир) командалары ойнойт.

Сахнадагы КВН оюнчулары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Александр Масляков (кичүүсү) "Ала-Тоо" лигасынынын сезонун ачат
Булардын баары Россиянын атынан чыгышат.

Баракчада муну менен бирге "Азия Mix" командасынын күйөрмандар тизмесин түзүү жүрүп жатканы айтылууда. 

Былтыркы жылдын октябрь айында "Азия MIX" Белгороддон келген Детективное агентство "Лунный свет", астаналык "Спарта", ярославдык "Радио Свобода" жана москвалык "Горизонт" командаларынан утулуп, оюндун финалына чыга албай калган.

Ал эми июль айында "Азия MIX" биринчи жолу "Голосящий КиВиН — 2015" музыкалык фестивалында байгеге ээ болго. 

Жаңылыктар түрмөгү
0