Ошто Россия киносунун жумалыгы өтөт

© Sputnik / РИА Новости / Медиабанкка өтүү"Служебный роман" тасмасынан кадр. Архив
Служебный роман тасмасынан кадр. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ош шаарынын тургундарына алты тасма тартууланат. Иш-чарага даярдыктар кечээ талкууланды.

БИШКЕК, 3-мар. — Sputnik. Ошто "Байыркы Ош шаарында Россия киносунун жумалыгы" аттуу эл аралык кинофестиваль өтө турганын Кинематография департаменти билдирди. 

Сутак тасмасынан кадр. Архив - Sputnik Кыргызстан
"Сүтак" Россиянын "Ника" сыйлыгына көрсөтүлдү
Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын 19-24-апрелине белгиленген эл аралык иш-чараны өткөрүүгө даярдык иштерин аталган департаменттин директору Мукталы Бектеналиев менен россиялык "Элс продакшн" борборунун продюсери Елена Лебедева кечээ талкуулашты.

Ош шаарынын тургундарына алты тасма тартууланып, иш-чаранын ачылышы мамлекеттик "Семетей" кинотеатрында өтөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0